Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү
Бүгүн, 17-июнда Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча депутаттык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Бул туурасында April.kg кабарчысы билдирди.
Анын айтымында, отурумга комиссиянын он бир мүчөсү катышты. Ал эми дагы бир мүчө – экс-президентти кол тийбестиктен ажыратуу боюнча маселени көтөрүп чыккандардын бири Канат Исаев отурумга келген жок.
Отурумга катышкандар:
- Каныбек Иманалиев;
- Өмүрбек Бакиров;
- Евгения Строкова;
- Кожобек Рыспаев;
- Максатбек Эгембердиев;
- Талант Мамытов;
- Бактыбек Райымкулов;
- Жыргалбек Турускулов;
- Алтынбек Жунус уулу;
- Бактыбек Турусбеков;
- Алмазбек Токторов.
Отурумдун башында комиссия мүчөсү Талант Мамытов парламенттин төрагасы Дастан Жумабековго комиссиянын кайрылуусун окуп берди. Анда эмнеге Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керектигинин себептери айтылган. Экс-президентке бир нече оор айып тагылууда:
- Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда Орусиянын жарандарына ок атуучу куралдарды тапшырган. Бул жарандардын арасында уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрү бар.
- Кой-Таштагы турак жайы мыйзамсыз алынган.
- Кримтөбөл Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин көзөмөлүндө мыйзамсыз бошотулган.
- Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турганда 35 гектар жер тилкесин «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери» категориясында мыйзамсыз которгон.
- «Дастан» ишканасынын айрым кызматкерлеринин жардамы менен Кой-Таштагы жерди мыйзам бузуу менен сатып алган.
- Чоң-Сары-Ойдо 4,61 гектар жер тилке Алмазбек Атамбаевдин атына мыйзамсыз өткөн.
- Бишкек ЖЭБин жаңылоочу компанияны Атамбаев өзү тандаган. Бул иштен улам мамлекетке чоң зыян келтирилген.
- 2016-жылы Аида Салянова интернеттеги социалдык тармактарында ЖЭБге көмүрдү мыйзамсыз ташып келүү боюнча жазып, Атамбаевдин жеке менчик компанияны колдогон деп айткан.
- Атамбаев президент болгондо бардык бийликти өз колуна алып, уюшкан кылмыш тобун түзгөн. Ал «Датка-Кеминди» курууда, Тарых музейин оңдого аралашкан.
Ошондой эле, Алмазбек Атамбаевди башка бир катар кылмыштарга, аны менен катар бийликти узурпациялоого айыптоого аракет кылышууда.
Депутаттык комиссия экс-президенттин 8-июндагы «Коррупция менен чыныгы күрөш үчүн» митингинде депутаттардын дарегине айткан катуу сөздөрүнөн кийин түзүлгөн. Ошондой эле, Алмазбек Атамбаев эл өкүлдөрүн «чимкириктер» деп атаган. Бул сөзгө депутаттар катуу теригип чыгышкан.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: